9 жаштагы кыргызстандыкты кармап кеткен тажик жараны кармалды

13

Баткен облусуна караштуу Ак-Сай айылында 9 жаштагы окуучуну кармап кеткен Ворух анклавынын тургуну кармалды. Бул тууралуу аталган облустун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Эскерте кетсек, Тажикстандын жараны Ак-Сай айылында жашаган,2-класстын окуучусун Ворух аймагына алып кирип кеткен. Баланы кайтарууну талап кылып, Ак-Сай эли чогулган. Жарым сааттан кийин баланы кайтарып келишкен. Окуучу учурда облустук ооруканада.

fakt.kg