Баткенде кызматкерлерден акча талап кылган жетекчи кармалды

100

Баткен токой чарбасынын башчысы пара алып жаткан жеринин кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, атадган мекеменин жетекчиси А.К  32 миң сом пара алып жаткан кармалган. Ал кол алдындагылардан ишкананы текшере турган адамдарга берем деп акча чогултуп жатканы аныкталды. Кармалган жаран  буга чейин дагы мыйзам  бузгандыгы аныкталды. 2017-2018-жылдары сатып алуу боюнча өткөрүлгөн документтер боюнча мыйзамсыз 14,7 миң ийне жалбырактуу көчөттөр сатылып, токой чарбанын жайытынын ижарасынан келип түшкөн акча менчиктештирилип кеткен.

Учурда ага баш коргоо чарасы катары үй камагында калуу чечими чыгарылды.

Fakt.kg

Бөлүшүңүз