Үч ай ичинде мыйзамсыз жүгүртүүдөн 790 килограммдан ашык баңгизаты менен прекурсолор алынды

10

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан 2019-жылдын үч ай ичинде мыйзамсыз жүгүртүүдөн 790 килограммдан ашык баңгизаты менен прекурсолор алынды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, героин – 8 грамм, гашиш -54 килограммдан ашык, марихуана – 235 килограммдан жогору, спайс – 650 грамм, улуу заттар-457 килограмм.
ИИМдин БМЖКККсы Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү боюнча эл аралык уюмдар (ЖККУ, ШКУ, БААМКБ, БУУ БКБ, ЕККУ ж.б.) жана чет өлкөнүн компетенттүү органдары- Россиянын ИИМи, АКШнын Баңгизаттарды көзөмөлдөө башкармалыгы, Казакстандын ИИМи, Өзбекстандын ИИМи, Тажикистандын Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттиги, Кытайдын Коомдук коопсуздук министрлиги жана башкалар менен өз ара аракеттенүүнүн алкагында ар дайым кызматташууларын ишке ашырууда.
Андан сырткары, үч ай ичинде Кыргыз Республикасынын БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан КЖБРге 365 баңги кылмышы катталып, миңдеген кылмыштуу топтордун жана бирикмелердин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлуп, эл аралык атайын операциялар жүргүзүлдү.
Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматы, мурда баңги ишмердиги менен күрөшүү боюнча башкы башкармалыгы катары белгилүү болгондой, 1991-жылы 22-апрель күнү республиканын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын бөлүмү катары түзүлгөн. Кыргызстандын көз карандысыз мамлекет болгондон кийин баңги ишкердиги жана баңги көзкарандылыгы менен күчөтүлгөн тартипте күрөш башталган. Кызматтын өнүгүүсүнүн тарыхы коомдун татаал жана ар тармактуу көйгөйү менен алектенген бул бөлүм маанилүү экендигин көрсөттү. Ошондой эле, азыркы учурда БМЖККК Кыргызстандагы баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча атайындаштырылган жалгыз кызмат болуп саналат. БМЖКККнын кызматкерлеринин алгылыктуу жана таалыкпас эмгегинин арты менен баңги каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүүнү уюштуруу боюнча мүмкүн болгон бардык чаралар колдонулуп, баңги көзкарандылыгын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүп келүүдө.
Урматтуу жарандар!
Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү фактысы (сатуу жайлары, саткан адамдар; баңгизаттар тууралуу маалыматтар жайгаштырылган Интернет булактары) боюнча сиздерге белгилүү болгон маалыматтар тууралуу Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматынын нөөмөт бөлүгүнө (0312) 66-02-44 номурлары аркылуу кабарласаңар болот.

fakt.kg