Өмүрбек Бабановдун ири суммадагы акчасын уурдагандар кармалды (Фото)

11

Ошто “Кыргызстан” коммерциялык банкынын банкоматтарын тоноого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу аталган облустун ички иштер башкы башкармалыгын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган 30 жаштагы жарандын  “Mitsubishi Space Star” үлгүсүндөгү унаасынан 990 миң сом акча табылган. Бул кылмыштарга тиешеси бар дагы бир жаран – 34 жаштагы чүйлүк тургун 21-апрелде кармалды. Далил буюм катары анын үйүнөн темир буюмду кесүүчү аспаптар, 2 даана ноутбук, ок атуучу курал, кылмыш жасаган учурда кийген кийим  алынган. Кармалган эки жаран убактылуу кармооочу жайга киргизилди.

Эскерте кетсек, Араван районунда 10-февралына караган түнү Араванда “Кыргызстан” банкынын банкоматын бузуп, 904 миң сомду алып кетишкен. 3-мартка караган түнү Ош шаарында филармониянын жанындагы ушул эле банктын банкоматынан 1,5 млн сом уурдалган.

Белгилей кетсек, “Кыргызстан” коммерциялык банкы экс-депутат Өмүрбек Бабановго таандык.