Бишкекте спайс саткан студенттер кармалды

101

Борбор Азия өлкөлөрүнө психотроптук заттарды ташуу жана сатуу боюнча туруктуу канал аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  Ыкчам-иликтөө иштеринин алкагында спайсты  Кыргызстандын аймагында тараткан студенттер кармалды. Алар: ИИМ академиясынын 2-курсунун курсанты 2000-жылы туулган А.д жана 1999-жылы туулган Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенти Н.Н . Текшерүү учурунда курсанттан ири көлөмдөгү, 1,075 кг. психотроптук “спайс” заты табылган.  бул заттын “кара базардагы” баасы 3 млн. сом. Алар жаштар арасында майдалап сатууну көздөгөн.

Учурда спайсты Кыргызстанга ташып келүүгө байланышы бар адамдарды аныктоо иш-чаралары жүрүп жатат.

Fakt.kg

Бөлүшүңүз