Бишкектеги батирлердин биринен 4 1жаштагы эркек кишинин сөөгү табылды

24

Бишкектеги батирлердин биринен 41 жаштагы эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 22-апрелде болжол менен саат 21:35тер чамасында ӨКМдин куткаруучулары Токтогул көчөсүндөгү № 93 көп кабаттуу үйдүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Батирдин ичинен 1978-жылкы И.В., аттуу адамдын сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

fakt.kg