80 килограммдан ашык баңги заттары жок кылынды (ФОТО)

44

2019-жылдын 17-апрелинде Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мыйзамда белгиленген тартиптерге ылайык 14 кылмыш ишинин алкагында тергөө ишинин далили катары алынган, жалпы салмагы 81 кг түзгөн баңги заттарын жок кылды.

Бул үчүн Кыргыз Республикасынын УКМК, ИИМ, Бишкек шаарынын мэриясынын, саламаттыкты сактоо министрлигинин жана КР Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрүнүн курамынан турган комиссия түзүлгөн, жана ошондой эле массалык маалымат каражаттары катышты.

УКМК органы тарабынан алынган баңги каражаттардын (48 кг- героин, 33 кг – гашиш) «Бишкекжылуулукэнерго» комуналдык ишканасынын от казанына жагуу жолдору менен жок кылынды.

КР УКМК тарабынан 2014-жылдан бери 1,5 тоннадан ашык баңги заттары (анын ичинен героин — 696 кг 506 гр, гашиш — 490 кг 652 гр, марихуана – 280 кг 260 гр, афган чарсы– 27 кг 581 гр, опий – 27 кг 400 гр), 1085 психотроптук заттар жана 160 грамм Альфа ПВП синтетикалык психосимулятору мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынды.

fakt.kg

Бөлүшүңүз