«Коопсуз шаардын» камерасын  сындырууга аракет кылган жаран кызматтан алынды (Видео)

33

 «Коопсуз шаардын» камерасын  сындырууга аракет кылган милиция кызматкери кызматтан алынды . Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, милиция кызматкери Аламүдүн районундагы Беш-Күңгөй айылында орнотулган көчмө камераны сындырууга аракет кылган. Ал мас абалында болгондугу аныкталган. Аталган камераларга жооптуу “Вега” компаниясынын кызматкери арыз менен милицияга кайрылган.

Бул факт боюнча сотко чейинки иш башталып, бейбаштык кылгандардын өздүгү такталган. Белгилүү болгондой, алардын бири Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Атайын мамлекеттик кароол кызматы башкы башкармалыгынын кызматкери болгон.

Окуядан кийин ИИМдин Ички иликтөө кызматы кызматтык териштирүүнү баштап, анын жыйынтыгы менен ал кызматкер кызматтан бошотулган.

Fakt.kg

Бөлүшүңүз