Индира Жолдубаева ал жөнүндө тараган маалыматты четке какты

41

Бүгүн , 17-апрелде социалдык тармакта мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева тууралуу жалган маалымат тараган.

Кээ бир интернет колдонуучулары фейк маалыматка ишенип, кызуу талкууга алышкан. Жогорку Кеңештин бир депутаты парламентте дагы айтканга үлгүргөн.

Аталган маалыматта Индира Жолдубаеванын атынан  “ Мен 1 жыл мурун кызматтан кеттим. Мен жөнүндө ушактар айтылып келе жатат. Мен аларга жооп бербейм. Мен кызматта жүргөндө саясатка аралашкан эмесмин. Дача СУда кыйраган учак боюнча документтерди Алмазбек Атамбаев жок кылган” деп жазылган.

Бул маалымат жалган экендигин  Индира Жолдубаева өзү билдирген. Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева жазып чыкты.

“Интернетке тарап жаткан фейк маалымат боюнча биз Индира Жолдубаева менен байланыштык. Ал бул маалыматты четке какты. Алмазбек Атамбаев “Дача СУда кыйраган учактын ичинде 1 грамм жүк мага же менин үй-бүлөмө тиешелүү болсо менин Ак үйдөгү каршылаштарым коомчулукка жарыя кылышмак” деп бир нече жолу айткан. Саясий тирешүү ушундай жалган маалымат таратуу аркылуу болгондугу өкүнүчтүү”, -деп билдирди Индира Жолдубаева.

fakt.kg

Бөлүшүңүз