Москвада кыргыз жаранын өлтүрө сабап кетишкен

43

Россиянын Москвада кыргыз жаранынын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 11-апрелинде башынан жаракат алган кыргыз жаранынын сөөгү табылган. Маркум 1990-жылы туулган Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун тургуну экендиги аныкталган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Маркумдун сөөгү 12-апрелде Кыргызстанга жөнөтүлгөн.

Тергөө иштери улантылууда.

fakt.kg

Бөлүшүңүз