Templates by BIGtheme NET

Алмамбет Шыкмаматов АКШнын элчиси Дональд Лу менен жолугушту

Бүгүн, 15-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Ата Мекен” парламенттик фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Дональд Лу менен жолугушту.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык байланыштардын учурдагы абалы талкууга алынып, парламенттер аралык кызматташтык маселеси да көтөрүлдү.

“Ата Мекен” парламенттик фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов эки өлкөнүн ортосундагы алакаларды чыңдоодо элчиликтин ролу жогору экенин белгилеп, ишине ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстандагы демократиялык жаңылануулардын учурдагы абалына токтолуп, өлкөнү өнүктүрүү үчүн сөз жана ой эркиндиги менен адам укугун коргоого өзгөчө басым жасоо керектигин кошумчалады.

Өз кезегинде АКШнын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Дональд Лу жылуу кабыл алгандыгы үчүн Алмамбет Шыкмаматовго ыраазычылык билдирип, элчилик ишмердүүлүгүндө Жогорку Кеңеш менен болгон кызматташтыкка өзгөчө басым жасаарын билдирди.

Окшош материалдар:  Милициянын ардактуу полковниги Кадыр Токоевдин “Школа мужества” деген китебин бет ачары болду

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful