Президент УКМКга жаңы орун басар дайындады

73

Тургунбеков Мирлан Эрмекович Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары — Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борборунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Fakt.kg

Бөлүшүңүз