Templates by BIGtheme NET

Чүйдө 18 жаштагы кыз жигити менен чоң атасын өлтүргөн

Чүй облусунда 18 жаштагы кыз чоң атасын өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу аталган облустун ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 11-апрелинде 19.20да Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө  Лебединовка айылындагы үйлөрдүн биринде адамдын сөөгү табылгандыгы тууралуу  билдирүү келип түшкөн.

Айтылган дарек боюнча барган милиция кызматкерлери киши колдуу болгон 75 жаштагы жарандын сөөгүн табышкан. Кылмышка шектүү деп маркумдун 18 жаштагы небереси жана анын жигити кармалышкан.

Алдын маалымат боюнча, небереси жигити менен чоң атасынын үйүнө уурулукка киришкен. Бирок, карыя ууруларды көрүп калып, алар карыяны өлтүрүп коюшкан.

fakt.kg

Окшош материалдар:  Бишкекте жеңил унаа көпүрөдөн түшүп кетти (Видео)

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful