Templates by BIGtheme NET

“Акнет” боюнча кылмыш ишин ИИМ иликтейт

 “Акнет” ЖЧКсынын ишин кийинки иликтөөнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы жүргүзүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдирди.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы
күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн “Акнет” ЖЧКсына карата Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин
233-беренесинин 1-бөлүмү (Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу), 232-беренеси 2-бөлүмү (Уюмдардын бюджетке салыкты жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу), 253-беренесинин 2-бөлүмү (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) жана
337-беренеси (Тергөөчүнүн ишине тоскоолдук кылуу) менен козголгон 5 кылмыш иши кыскартылган.2019-жылдын 28-март күнү, жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш иштери кийинки иликтөөлөрдү уюштуруу үчүн Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Азыркы учурда, жогорудагы кылмыш ишин калыс иликтөө максатында тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, зарыл болгон экспертизалар
дайындалды.

fakt.kg

Окшош материалдар:  Алтынбек Сулайманов: "Губернаторлорду, акимдерди жоюш керек"

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful