Чек арага чектеш айылдарда жашаган жаштар кичи футбол боюнча Баткен ОИИБнын Кубогуна мелдешишти

35
2019-жылдын 13-апрель күнү Баткен ОИИБнин башчысы, милициянын полковниги Аскарбек Аширалиев тарабынан облустук ИИБдин Кубогу үчүн спорттун спорттун кичи футбол түрү боюнча мелдеш уюштурулуп, Баткен районунун Аксай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарындагы жашоочуларынын ортосунда өткөрүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Спорттук иш-чара Ак-Татыр айылында өтүп, ага айыл жаштарынын куралган 12 команда катышышты.
Бул иш-чараны өткөрүүнүн максаты кылмыштуулуктун жана чек ара аймагындагы чыр-чатактардын болуусун алдын алуу, улуттар аралык ынтымакты жана жаштар арасындагы достукту бекемдөө, аларды дени сак жашоого үндөө жана спортту өнүктүрүү.
Спорттук иш-чаранын салтанаттуу ачылышында Баткен ОИИБнын башчысы, милициянын полковниги А.Аширалиев, жергиликтүү тургундар милиция кызматкерлерине жакындан жардам көрсөтүп жатканын белгилеп, “Мындан ары да милиция кызматкерлери коомчулук менен ачык-айкын, тыгыз иш алып барат”-деп билдирди.
Мелдеш кызыктуу өткөрүлүп, аталган иш-чарада жеңишке жетишкен командаларга баалуу белектер, акчалай сыйлыктар жана Баткен ОИИБнын Кубогу тапшырылды.
Оюндун соңунда катышкан командаларга ысык тамактар уюштурулуп, милиция кызматкерлери менен жергиликтүү тургундар ортосунда биримдикти бекемдеген сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, айыл аксакалдары ыраазычылыктарын билдиришип, кеңештерин айтуу менен ак баталарын беришти.
Ал эми оюн жогорку деңгээлде өткөрүлүп, жаштар тарабынан Баткен ОИИБнын жетекчилигине жана өздүк курамына ыраазычылыктар билдирилди.

Бөлүшүңүз