Ат-Башы каналына чөгүп кеткен беш жаштагы бала изделүүдө (Сүрөт)

64

Аламүдүн районундагы Константиновка айылында Ат-Башы каналына чөгүп кеткен беш жаштагы бала изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдирди.

11-апрель күнү саат 18:25 чамасында Константиновка айылында Ат-Башы каналына 2014-ж.т. Б.Б. аттуу бала чөгүп кеткен. Бүгүн, 15-апрелде издөө иштерин улантуу максатында жалпы 99 куткаруучу тартылган. Издөө иштери Константиновка айылынан Камышановка айылына чейин жүргүзүүлүүдө.

fakt.kg

Бөлүшүңүз