Өкмөт башчы: «Жеңиш Разаковго карата тиешелүү чаралар көрүлөт»

72

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кызматынан бошотулушу мүмкүн. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Депутат Таабалды Тиллаев өкмөт башчыда өкмөттүн чек ара маселеси боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаровду эмнеге кызматтан бошотулгандыгын сурады.

 Курбанбай Искандаров мамлекеттик кызматтык этиканы бузганы үчүн жумуштан кетти. Ал ар кайсы кептерди айтып жүргөн. Жеңиш Разаков азыр айыптоолор далилденбей, иштеп жатат. Эгер Разаковдун күнөөсү тастыкталса, анда бул кишиге да чара көрүлөт. Бирок ошондой мага айтпай, башка жакта айтып жүргөнү кызматтык этикага жакпайт. Ал сөздү таратып жүргөнү тастыкталды, ушул жерде кесиптештер айтпады беле. Ал өзү да мойнуна алды”, – деп жооп берди өкмөт башчы.

Fakt.kg

Бөлүшүңүз