Templates by BIGtheme NET

Президент: “Бир ууч топко кызмат кылам, алардын кызыкчылыгын коргойм, уурулугун жашырам деп убада берген эмесмин”

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-апрелде, КР Жогорку Кеңешинин жыйынында сөз сүйлөдү.

“Мамлекет — түшүнүктөр менен эмес, мыйзам менен жашаш керек. Мамлекеттик органдар тигил же бул топтун кысымынын негизинде эмес, мыйзамдын чегинде иштейт.

Бир күнүмдү да текке кетирбей, элим ишенген, Кудай буйруган президенттик милдетимди мамлекетти оңдоого, баса белгилеп айтам, оңдоого жумшайм. Мындан башка менин милдетим дагы, карызым дагы, жашоомдун маңызы да жок.

Бир ууч топко кызмат кылам, алардын кызыкчылыгын коргойм, уурулугун жашырам деп убада берген эмесмин. Мен элдик Президент болом деп убада бергем. Эл арасынан чыктым, эл ичинде таза абийирим, ийгиликтерим менен калууну максат кылам.   Саясат айдыӊындагы акыркы 25 жылдан берки иш-аракетим, кылган эмгегим —  таза. Мага жалган жалаа жукпайт.

Апрель окуялары, Июнь коогалаӊдуу күндөрүн өз башымдан өткөрдүм.  Мамлекеттеги тынчтыктын, элдин ынтымагынын баасын, баркын абдан жакшы билем. Ошондуктан коомдун тынчтыгын бузуп, элди бөлүп-жарам дегендерге өлкө президенти катары жол бербейм”,- деп билдирди Президент.

fakt.kg

Окшош материалдар:  Сооронбай Жээнбеков: "Шашылыш жыйынтык чыгарбоого чакырам"

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful