Милиция кызматкерлери жаш балдарга жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндө түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүштү

50

Балдардын катышуусу менен жол-транспорттук кырсыктардын катталып жаткандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын кызматкерлери Ленин районундагы №47 мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиялануучуларына жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндө түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүштү.

Click to enlarge image DSC_7008.jpgИш-чаранын максаты балдардын катышуусу менен болуп жаткан жол-транспорттук кырсыкттарды алдын алуу жана балдарга жол кыймылынын эрежелерин үйрөтүү.

ИИМдин Академиясынын кызматкерлери Ленин районундагы мектепке чейинки билим берүү уюмунун биринде жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндө түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүштү

Ошондой эле, балдарга таныштыруу максатында практикалык оюндарды жана усулдук ыкмаларды колдонуу менен видео сабактар көрсөтүлдү.Иш-чаранын аягында балдарга белектер берилди. Ушул сыяктуу иш-чараларды мектепке чейинки билим берүү уюмдарынан сырткары, Бишкек шаарындагы орто мектептерде дагы өткөрүү пландалууда.

fakt.kg

Бөлүшүңүз