Конор Макрегор Хабиб Нурмагамедовдун аялына шек келтирди

29

 Ирландиялык мушкер Конор Макрегор россиялык мушкер Хабиб Нурмагамедовдун аялын сүлгүгө теңеди. Бул тууралуу Макрегор Twitter баракчасына жазып чыккан.

Конор Макрегор утулуп калган атаандашынын аялы менен түшкөн сүрөтүн коюп  “Сенин аялың  кол аарчыган сүлгү” деп жазган. Бир нече мүнөттөн кийин билдирүүсүн өчүрүп койгон.

Эскерте кетсек, Лас-Вегаста өткөн UFC 223-турниринде россиялык мушкер Хабиб Нурмагодев ирландиялык Конор Макгрегорду муунтуу ыкмасы менен чемпиондук наамын коргоп калган.

Бөлүшүңүз