Россиянын Канттагы базасынын статусу өзгөртүлөт

40

Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга сапарынын жүрүшүндө Россиянын Канттагы бириккен аскер базасы боюнча келишимге өзгөртүү киргизилет. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков маалымат жыйыында билдирди.

Анын айтымында, аскерий кызматташтык тармагында Кыргызстан менен Россиянын 2012-жылдын 20-сентябрындагы «Бириккен Россиялык аскерий базасынын макамы жөнүндө» макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколуна кол коюлары белгиленүүдө.

«Тийиштүү мекемелердин ортосундагы сүйлөшүүлөр азыр да уланууда. Алар аяктайын деп калды. Ал тууралуу кеңири айтып бере албайм. Документтер даяр болгондон кийин ал маалымдалат», — деди Данияр Сыдыков.

fakt.kg

Бөлүшүңүз