Экс-президенттин жубайы Раиса Атамбаева Өзбекстанга учуп кетти

29

 

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева уулу менен Өзбекстандын Ташкент шаарына учуп кетти. Бул тууралуу  КСДПнын  расмий өкүлү Кундуз Жолдубаев билдирди.

Анын айтымында, Раиса Атамбаева  Өзбекстанга президент Шавкат Мирзиёевдин жубайы, биринчи канайым Зироатхон Мирзиёеванын  чакыруусу менен кеткен. Раиса Атамбаева менен Кадыр Атамбаев 28-мартта Кыргызстанга кайтып келишет.

Fakt.kg

Бөлүшүңүз