Templates by BIGtheme NET

Райымбек Матраимовдун мүлкү дагы эле текшерилип бүтө элек

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерип бүтө элек. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тергөө аяктагандан кийин жыйынтыгы коомчулукка кабарланат.

Эскерте кетсек, Президент Сооронбай Жээнбеков маалымат жыйын өткөргөндө Райымбек Матраимовдун мүлкү текшерилет деп билдирген.

Райымбек Матраимов  2017-жылдын 23-ноябрында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен кызматтан алынган. Матраимов сотко кайрылган.

2018-жыдын июль айында  Бишкектин Биринчи май райондук соту «Матраимов иштен мыйзамсыз алынган» деп тапкан.

Өкмөт райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Бирок Бишкек шаардык соту 2018-жылдын 28-декабрында Райымбек Матраимовду кызматында калтыруу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Финполиция Райымбек Матраимовдун мүлкүн январь айында текшере баштаган.

Окшош материалдар:  Депутат: “КСДП коалициядан чыгыш керек” (ВИДЕО)

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful