Токтогулда алтын мыйзамсыз казылган

21

Жалал-Абад облусуна караштуу  Токтогул районунда  “К” жоопкерчилиги чектелген коому алтынды мыйзамсыз казып жүргөн. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети кен пайдаланууга уруксаты бар күбөлүктү көрсөткөнгө чейин казуу иштерине тыюу салган. Бирок ишкерлер мыйзамсыз иш жүргүзүп, мамлекеттин казынасына ири суммадагы зыян келтирген.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы ЖЧКдан 900 миң сомдон ашык чыгымды кайтарды. Азыркы тапта аталган факты боюнча сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат.

fakt.kg

Бөлүшүңүз