Дональд Трамп: «AKШ менен Кыргызстандын кызматташуусун чыдамсыздык менен күтүп жатам»

52

Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Дональд Трамп Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

“Кубанычтуу жана гүлдөгөн Нооруз майрамыңыз менен Сизди, сиздин үй-бүлөңүздү жана Кыргыз Республикасынын элин чын жүрөктөн куттуктайм. Америкада жана дүйнө жүзүндө көптөгөн адамдар бул жаңылануунун жана кайра жаралуунун сонун майрамын бирге майрамдашат.

Биздин эки өлкөбүздүн ортосундагы 27 жылдык өнөктөштүгүбүз бай кызматташтык салттарына ээ. Келечекте кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн тереңдетүү үчүн AKШ менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык келишимдин ийгиликтүү түзүлүшүн чыдамсыздык менен күтүп жатам.

Нооруз майрамыңыз кут болсун!”,-деп белгиленет АКШнын Президенти Дональд Трамптын куттуктоо телеграммасында.

fakt.kg

Бөлүшүңүз