Бабанов Кыргызстанга келсе жоопкерчиликке тартылат

46

Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе жоопко тартылат. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Буга чейин Өмүрбек Бабановдун бир айдын ичинде Кыргызстанга кайтышы мүмкүн экендиги айтылган. Бабанов 21-мартта «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктап, «жакында көрүшкөнчө» деп жазган эле.

Эскерте кетсек, буга чейин Өмүрбек Бабанов 2017-жылдын 28-сентябрында Ош шаарынын Амир Темир (Он-Адыр) кичи районунун жашоочулары менен жолугуп, шайлоо алдындагы үгүт иштеринин жүргүзүүдө Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө чакырык жасады жана Улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутуу деген кине менен айыпталып, кылмыш иши козголгон. Бирок, издөө жарыяланган эмес.

fakt.kg

 

Бөлүшүңүз