Templates by BIGtheme NET

Ошто «Бирдиктүү терезе» кызматы ачылды. Эми жарандар документтерин бат чогултат (Фото)

2019-жылдын 20-март күнү Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын имаратында «Бирдиктүү терезе» принцибинде иштеген  мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборунун  салтанаттуу ачылышы болду.

Бул салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Премьер министри Мухаммедкалый Абылгазиев, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Малик Нурдинов, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Мурат Бороновдор  катышышты.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар башкыбашкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Бекжан Курманалиев Бирдиктүү терезенин ишмердүүлүгү, максаты жана кандай кызматтарды көрсөтө тургандыгы жөнүндө айтып берди. Бул «Бирдиктүүтерезе», Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун “2019-жыл Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы катары жарыялоо” Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” Программасынын талаптарын, андан сырткары ишмердүүлүктүн ар кандай багыттары боюнча программаларды ишке ашыруу максатында ачылган.

Бул борбор жарандарга сапаттуу кызмат берүүнүн денгээлин жогору көтөрүү максатында өлкөнүн ичкииштер органдарын реформалоо алкагында ачылды. “Бирдиктүүтерезе” принциби киргизилип, эми жарандар зарыл документтерин чогултуу үчүн бир канча инстанцияларга кайрылып убара тар тпайт. Системанын киргизилиши менен тактамаларды алуу тартиби кыйла жөнөкөйлөшүп, аларды берүү мөөнөтү кыскарат.

Ошондой эле, система мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө коррупцияны жоюуга өбөлгө болот.
»Бирдиктүү терезе»принцибинде иштеген мамлекеттик кызмат көрсөтүү борбору Ош облусунун жана Ош шаарынын жашоочуларына төмөндөгүдөй кызматтарды көрсөтөт: адамдын кылмыш жоопкерчилигине тартылганы-тартылбаганы, өлкөнүн аймагында соттолгону-соттолбогону тууралуу справкаларды; кооптуу жүк ташыган транспорт каражаттарына уруксат кагаздарын; жарандык жана кызматтык курал-жаракты, кооптуу жардыргыч материалдарды жана пиротехникалык буюмдарды кабыл алууга жана берүүгө лицензияларды жана уруксат кагаздарын берүү кызматтары.

Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин «Бирдиктүү терезе» режиминде мамлекеттик кызмат көрсөтүү борбору Ош ОИИБдин имаратында жайгашкан.

“Бүгүнкү күндө “Бирдиктүү терезе” Бишкек шаары менен Чүй облусунун аймагын тейлеген Чүй ОИИББнын имаратында 2018-жылдын 27-октябрында ишке кирсе, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында ушул жылдын 20-мартынан баштап ишке кирип, алардын  бардыгы облустук милициянын имараттарында жайгашкан. Ошондой эле “Бирдиктүү терезе” принцибинде иштей турган система  Талас, Ысык- Көл жана Нарын облусттарында ачуу боюнча иштери жүрүп, аны ачуу камылгалары  кызуу жүрүп жаткан кези.

Окшош материалдар:  Момбеков: “Көз кыскан эле адамды камай берсеңер эркек калбай калат” (ВИДЕО)

Мурда  Жалал-Абад, Ош, Баткен облустары боюнча ар андай багыттагы аныктамаларды, уруксаат кагаздарын  алууда жарандардан милициянын дарегине көптөгөн нааразычылыктар болсо, мындай борборлордун ачылышы  менен бул көйгөйлөр  чечилди. Төлөм акысы борбордо жайгашкан  терминалдарында жүргүзүлөт.  Ар бир кызматтын төлөм акысы документтердин алуу убактыларына жараша болот.

Мындай “Бирдиктүү терезе” борборлорунун Республика боюнча ачылышы  Кыргызстандын бардык жарандарына тез жана сапаттуу кызмат берүүнү деңгээлин жогору көтөрүү максатында  өлкөнүн ички иштер органдарын реформалоо алкагында ачылууда. “Бирдиктүү терезе” принциби жакын арада жалпы өлкөбүздүн аймагында толук киргизилет, мына ошондо бардык жарандар керектүү зарыл документтерин чогултуу үчүн бир канча инстанцияларга кайрылып убара тартпайт, убактыларын коротпойт, системанын киргизилиши менен справкаларды алуу тартиби кыйла жөнөкөйлөшүп, аларды берүү мөөнөттөрү кыскарат. Система ошондой эле мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө коррупцияны жоюуга өбөлгө болот жана жарандарды сапаттык тейлөөдө, элибиз күткөн үмүттөр ишке ашат, деп баса белгиледи”,- ички иштер министриКашкар Джунушалиев.

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful