Templates by BIGtheme NET

Якутс шаарынын мэри мигранттарга “Согуш” жарыялды (Видео)

Якутс шаарынын  Сардана Авксентьева мигранттар тарбынан зордукталган кызга байланыштуу шаар тургундары менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө ал мигранттар иштеген мекемелер кезексиз текшерүүгө алынаарын билдирди.

“Мен кыз зордуктаган мигранттарга нааразы болгон жарандар менен жолуктум. Кылмышка шектүү Кыргызстандын жараны. Тергөө иштери жүрүп жатат. Якутск шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү кечирим сурашты. Күнөөлүүлөр мыйзам алдында жооп бериши керек. Мен коомдук тамак жайларды, базарларды, такси кызматын текшерүүгө алам. Алардын санитардык абалы жана ал жерде иштеген жарандардын документтеринин мыйзамдуулугу текшерилет”, -деди мэр.

“Шаардын чыныгы кожоюну экономикалык-укуктук жактан чараларды көрүшү керек. Кылмыш-улут тандабайт. Бирок, биздин өлкөгө келип иштеген чет өлкөлүк жарандар биздин мыйзамдарыбызды сыйлашы керек”,- деп билдирди Сардана Авксентьева.

Fak.kg

Окшош материалдар:  Бишкектеги батирлердин биринен 4 1жаштагы эркек кишинин сөөгү табылды

One comment

  1. Якуттар да заманбап цивилдешкен эле эл. Андықтан алар, бир жэ бир нече қылмышкерлер үчүн бүтүндөй бир улут жоопкер болбоосун жақшы түшүнүшөөрүнө бекем ишенем.
    Бироқ якуттарды мындай уйушулған түрдөгү, жалаң қырғыз улутундағы мигранттарға қаршы акцияға чығууға түрткөн, Орусияда буға қызықдар қандайдыр бир күч бар экендиги байқалып турууда.

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful