Templates by BIGtheme NET

Кашкар Джунушалиев Ак Сай айылында жаракат алган жарандардын абалы менен таанышты

Миниcтр Кашкар Джунушалиев Ак Сай айылында денесинен жаракат алган жарандардын абалы менен таанышты. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн 16-мартта Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев  2019-жылдын 13-14-мартында ок атуучу куралдан денесинен жаракат алган жарандардын ал-ахыбалы менен Баткен облустук  ооруканасынын хирургия бөлүмүнө барып таанышты.

Алардын ден-соолуктарын сурап, кандай кошумча медициналык жардам керек болсо бериле тургандыгын айтып, алардын тез сакайып кетишин каалады.  Жаракат алгандардын арасында кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда оң бутуна ок жаңылган Баткен райондук милициясынын айдоочу-милиционери Ж.Улукбек да бар эле. Кашкар Джунушалиев: “Сиздердин тезинен сакайып, аман-эсен үйлөрүңүздөргө, үй-бүлөөңүздөргө барышыңыздарга тилектешмин.
Сиздердин тезирээк сакайып кетишиңерге бардык шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүп беребиз”,-деди.

Өз кезегинде Баткен облустук ооруканасынын дарыгерлери денесинен октон жаракат алган эки жарандын жана бир милиция кызматкеринин абалдары туруктуу экендигин жана жабырлангандарга ар тараптуу медициналык жардамдар көрсөтүлүп, тиешелүү процедуралар жогорку денгээлде жүргүзүлүп жаткандыгын белгилешти.

fakt.kg

Окшош материалдар:  Ошто «Бирдиктүү терезе» кызматы ачылды. Эми жарандар документтерин бат чогултат (Фото)

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful