Бишкекте  уюшкан кылмыштуу  топтун 5 мүчөсү кармалды

11

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын крминалдык милициясы ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында  уюшкан кылмыштуу  топтун 5 мүчөсүн кармашты. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган жарандар бир нече кылмыш иштерин жасашкан.

2010-жылы М.Ш аттуу жаран Талас облусунда 2  миллион сом акча уурдаган. Т.Т аттуу жаран 2016-жылы таанышынын ишенимине кирип 28 миң доллар акчасын алып, качып кеткен. Жабырлануучу 2018-жылы арыз менен милицияга кайрылган. Р.Р аттуу үчүнчү кармалган жаран Бишкектеги Орто-Сай базарынан 19 миң сом уурдаган. Д.Б аттуу жаран Toyota Camry унаасынын терезесин сындырып, 28 миң сом уурдаган. Бешинчи кармалган жаран соттолуп, жатак абактан жазасын өтөп жүрүп, Кыргызстандан чыгып кектен. ЖАМК издөөгө жарыялаган.

fakt.kg