Бишкек-Исфана-Бишкек авикаттамы боюнча билет арзандады

21

Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде түзүлгөн кырдаалга байланыштуу өкмөт тарабынан Баткен-Исфана-Баткен авиакаттамын уюштуруу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн  аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, авиакаттам 15-марттын саат 13:00дөн баштап уюштурулган. Учуу убактысы 30 мүнөт. Бишкек-Исфана-Бишкек авикаттамы жумасына үзгүлтүксүз бир жолу (дүйшөмбү күнү) учат. Азыркы учурда өкмөт тарабынан Бишкек-Исфана-Бишкек авиакаттамын жумасына үзгүлтүксүз эки жолу (дүйшөмбү, жума күндөрү) уюштуруу маселеси иштелүүдө. Аталган авиакаттамдар «Тез-Жет» авиакомпаниясы тарабынан ишке ашырылат.

Билет баасы 4 жашка чейинки балдарга бекер, 12 жашка чейин 500 сом, чоңдор үчүн 1000 сом.

fakt.kg