Кыргыз-тажик чек арасында милициясынын биргелешкен патруль тобу көзөмөлдөп жатат

9

Учурда  Кыргыз Республикасы менен Тажикистан Республикасынын укук коргоо органдары жана жергиликтүү бийлик органдары  биргелешип эл арасында аткарылып жаткан маселелер боюнча түшүндүрүү иштерди тынымсыз жүргүзүү иш-аракеттери көрүлүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдирди.

Түнү бою кыргыз жана тажик милициясынын биргелешкен патруль тобу чек ара такталбаган аймактарда кызмат өтөштү. Эч кандай мыйзам бузуулар жана тартип бузуулар катталган жок. Абал туруктуу. Министр Кашкар Джунушалиев өздүк курамдын күчөтүлгөн тартип өтөөсүн текшерип алар менен чогуу болду.

15-марттын кечинде Кашкар Джунушалиев күчөтүлгөн режимде кызмат өтөп жаткан милиция кызматкерлери менен жолугушуп, атайын инструктаж өткөрүп, кошумча тапшырмаларды белгиледи.

 

Коомдук тартипти сактоо, жарандардын коопсуздугун сактоого багытталган кызмат өтөө учурунда мыйзамдуулукту сактоо, эч кандай мыйзам бузууларга жол бербөө, тургандарга  жардам берүү жана жергиликтүү бийлик органдары менен түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү маселесин койду. Ошол эле учурда милиция кызматкерлеринин шартын, эс ала турган жайын жана тамак ашына да өзгөчө көңүл бурду.

 fakt.kg