Бишкекте  айдоочу «Тазалык» ишканасынын кызматкерин өлтүрө сүзүп кетти

7

Бишкекте  айдоочу «Тазалык» ишканасынын кызматкерин  өлтүрө сүзүп кетти. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ болгон. 36 жаштагы Үсөн Жусубалиев жарыкты чагылдыруучу атайын кийим кийип жүргөнү жана окуя болгон жер толугу менен жарыктандырылган.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча  унаа жогорку ылдамдыкта келе жаткан. Каза болгон жаран 20 метр аралыкка учуп кеткен. Айдоочу кармалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Маркумдун жакындарына аталган ишкана материалдык жардам көрсөтө.

Fakt.kg