Templates by BIGtheme NET

Министр Кашкар Джунушалиев Баткен облусуна барды

Министр Кашкар Джунушалиев кече түнү Баткен облусуна барып, бүгүн 15-март күнү таңында Баткен районунун Аксай айылында ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметовдун катышуусу менен Баткен ОИИБдин, шаардык, райондук бөлүмдөрдүн кызматтарынын башчылары менен өздүк курамына жыйын өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдирди.

Жыйында Кашкар Джунушалиев кыргыз-тажик аймагында жайгашкан мамлекеттик чек арадагы абалды жөнгө салуу менен коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоо боюнча тапшырмаларды коюп, андан сырткары башка күч түзүмдөрү, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен бирдикте чек арага чектеш райондордогу калктын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.Андан сырткары, Кашкар Джунушалиев чек арадагы абалды жөнгө салуу, болуп кеткен жагдайларды калыс жана так иликтөөнү жүргүзүү жана ушундай кырдаалды мындан ары болтурбоо үчүн абалды турукташтыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана Баткен облусунун чек арага чектеш райондорунун жашоочуларына жардам көрсөтүү керектигин баса белгиледи.

Ошондой эле, Кашкар Джунушалиев тажик тарап менен бирдикте түзүлгөн кырдаалды турукташтыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө Баткен облусунун чек арага чектеш райондорунун жашоочуларынын арасында активдүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин белгиледи. Баткен облусунда укук коргоо органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызматын өтөп, чек арадагы аймактар күчөтүлгөн тартипте кайтарылууда жана Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында абал туруктуу.

fakt.kg

Окшош материалдар:  Дастан Сарыгулов  абакта отурганда кыйноого алынгандыгын билдирди

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful