Templates by BIGtheme NET

Кыргыз-тажик чек арасында дагы бир кыргыз жараны октон жаракат алды

Кыргыз-тажик чек арасында дагы бир кыргыз жараны октон жабыркады. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жакын жайгашкан айылдардын тургундары чек арачылардын жанына келип, бири бирине таш ыргытып башташкан.

Эки тараптын чекарачылары элди ажыратуу максатында асманга ок чыгарышкан. Кыргыз жаранын кантип ок тийип калгандыгы такталууда.  Абал курч бойдон турат.

Эскерте кетсек, 3-март күнү саат 15:30дар чамасында Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Ага Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушуна тажик тараптын нааразылык билдиргени себеп болгон жана кыргызстандык 50дөй, тажик тараптан 70тей тургун чогулуп, бири-бирине таш ыргыткан. Чырды эки өлкөнүн чек арачылары токтотушкан.

Сүрөт: Гульгакы Мамасалиева.

fakt.kg

Окшош материалдар:  Караколдо селсаяктар 31 жаштагы аялды таш менен уруп өлтүрүшкөн

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful