Москвада кыргыз кыз тажик, өзбек жарандары тарабынан 10 күн зордукталды деген маалымат боюнча ИИМ билдирүү таратты

73

2019-жылдын 12-мартына фейсбук колдонуучусу Тилек Таалайбеков аттуу жаран, өз баракчасында түз эфирден, Москва шаарында кыргыз кызды 15-20 тажик, өзбек улутундагы балдар 10 күндөн  камап алышып, күн-түн зордукташыптыр деп үрөйдү учурган, такталбаган маалыматты жарыя кылган.  Ал зордуктоо фактысы боюнча 16 кылмышкер Москва полициясы тарабынан, 3 айга камака алынды деп билдирген.

Бул билдирүү коомчлукта талкууга алынгандан кийин ИИИдин Москвадагы өкулчүлүгү териштирүү иштерин жүргүзгөн.  Бул тууралуу Аскат Алиев билдирди.

Маалыматка ылайык, акыркы такталган маалыматтар боюнча Москва шаарында жана Москва областында Полицияда жогорудагы айтылган факты катталган эмес.

«Москва полициясы жана КРнын РФгы ИИМнин өкүлчүлүгү, тарабынан фейсбук колдонуучу Тилек Таалайбеков аттуу жарандын билдирүүсү боюнча дыкат териштирүү уланып жатат жана кимде ушул факты боюнча маалымат же жабыркагандар болсо бизге билдируунуздорду суранабыз. Ал эми видео билдирүү боюнча Россиянын тиешелуу органдары тараптан юридикалык баа берилет»,-деп билдирди Аскат Алиев.

МОСКВАДА Кыргыздын кызын Зордуктады Жыйрма дан ашык бала!

Опубликовано Тилеком Таалайбековым Вторник, 12 марта 2019 г.

fakt.kg

 

Бөлүшүңүз