Жээнбеков: «Мен үчүн Камчынын Баткенге кеткени көп деле маанилүү эмес»

63

Мурдагы депутат Равшан Жээнбеков  саясатчы Камчыбек Ташиевдин  жаңжал чыккан Баткенге баруусу маанилүү эмес экендигин билдирди. Ал бул тууралуу ал фейсбук баракчасына жазды. 

«Мен үчүн Камчынын Баткенге кеткени көп деле маанилүү эмес. Себеби, чек ара маселеси, бул бир гана мамлекет жана мамлекеттик институттар, дипломатия аркылуу чечиле турган маселе.

Ал эми Камчынын, бул бийликтин колунан иш келбейт дегени аябагандай маанилүү. Бул билдирүү анын мурда айтылбай келген позициясынын ачыка чыгышы, саясат жана оппозициялык маанай.

Саясатчылар, ачык, конструктивдуу оппозициялык маанайды карманса, өлкө үчүн жакшы көрүнүш»,-деп жазган Равшан Жээнбеков.

Fakt.kg

Бөлүшүңүз