Президент жарандарга орой мамиле кылган элчиликтин кызматкерлерин айтты

10

«Тышкы саясаттагы биздин негизги принцип — өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын көздөгөн, тең салмактуу тышкы саясатты ишке ашыруу», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-мартта Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин башчылары менен өткөрүлгөн кеңешмеде.

Жыйындын жүрүшүндө президент Сооронбай Жээнбеков элчилер менен консулдарга кайрылды.

«Урматтуу элчилер жана консулдар!

Азыр дүйнө жүзүндө олуттуу өзгөрүүлөр болууда. Ири державалардын ортосундагы карама-каршылыктар тереӊдеп баратат.

Санкциялардын „согушу“ күчөп, соода тоскоолдуктары көбөйүп, биздин өлкөбүзгө да таасир тийгизе турган чакырыктар жаралды.

Эл аралык кырдаал ушундай олку-солку болуп турган учурда дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн миссиясы өзгөчө.

Дүйнөнүн башка өлкөлөрү менен биздин мындан аркы мамилебиз — көбүнесе элчилердин жана консулдардын ишине жараша болот.

Силерге чоң ишеним жүктөлгөн.

Кыргызстандын жүзүн дүйнөлүк коомчулук силер аркылуу көрөт.

Тилекке каршы, чет элдеги өкүлдөрүбүздүн баарынын эле иши жакшы дегенге болбойт.

Кээ бир элчилер менен консулдар өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди тийиштүү деңгээлде аткара албай жатат.

Айрым дипломатиялык мекемелерибиз улуттук кызыкчылыктарыбызды эл аралык аренада илгерилетүү боюнча иштерди жетиштүү жүргүзө алган жок.

Мамлекеттин тышкы саясатын ишке ашыруу, анын ичинде, дагы бир жолу айтам, чет жердеги жарандарыбыздын укуктарын коргоо багытын жакшыртуу зарыл.

Биздин Элчиликтер менен Башкы консулдуктардын кызматкерлери, жарандарыбызга тийиштүү көңүл бурбай, айрым учурда орой мамиле жасап, өз милдеттерине жоопкерчиликсиз мамиле кылганына нааразы болгон учурлар бар.

Жалпысынан алганда, көнүмүш иштер жүрүп жатат, бирок ал жетишсиз.

Ошондуктан өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын коргоо боюнча иш-аракеттерди натыйжалуу жүргүзүү талап кылынат.

Бул иште эмнеге таянабыз, кайсы багытта кандай ишти жүргүзүү зарыл экенин айта кетейин.

Тышкы саясаттын артыкчылыктуу багыттары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында белгиленди.

Кыргыз Республикасынын жаңы Тышкы саясат концепциясы бекитилди.

Анда негизги принциптер, улуттук кызыкчылыктар жана милдеттер аныкталды.

Тышкы саясаттагы биздин негизги принцип сакталат — ал өлкөнүн улуттук кызыкчылыгын көздөгөн, тең салмактуу тышкы саясатты ишке ашыруу.

Стратегиялык өнөктөштөр жана коӊшу мамлекеттер менен достук мамилени чыӊдоого, экономикалык дипломатия чөйрөсүндөгү прагматикалык тышкы саясатты жүргүзүүгө өзгөчө маани берилет.

Албетте, ушул документтерди бардык чет өлкөдөгү дипломатиялык мекемелердин башчылары өз ишинде жетекчиликке аласыңар.

Булар силер дайыма колдончу иш кагазыңар болушу керек.

Алардын алкагында ар бир элчиликтин негизги максаттары, конкреттүү милдеттерин аныктайбыз.

Жогорку Кеӊештин тиешелүү комитеттери, парламент аралык депутаттык топтору менен тыгыз иш-аракет жүргүзүү да маанилүү», -еди Сооронбай Жээнбеков.

Fakt.kg