Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча маалымат берди (Видео)

54

 Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы абал  туруктуу. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  жаңжалдан Таш-Тумшук участогунда бир үй, Аudi үлгүсүндөгү бир автоунаа, КамАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа  өрттөнгөн. Өрт өчүрүүчү топту Тажикстандын жарандары кое бербей коюшкан. жаңжалда тажик жарандары Баткендин Ортобоз айылындагы бир сарайды өрттөп салганын, Кыргызстандын бир жараны жаракат алып, Баткендин Самаркандек айылындагы ооруканага жеткирилгенин.

Баткен чек ара отрядынын жеке курамы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев аймакка жөнөп кетти.

Азыркы учурда Жогорку Кеңеш бул маселени жабык эшик атында талкуулап жатат.

Бөлүшүңүз