Templates by BIGtheme NET

Издөөдөгү ЭТУ мүчөсү кармалды

2019-жылдын 8-мартында Кыргыз Республикасынын УКМК ИИМ менен биргеликте жалданма эл аралык террористтик уюмдун согушкерлеринин Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнө бөгөт коюу максатында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, эл аралык издөөдө жүргөн Ош облусунун тургуну, Кыргыз Республикасынын жараны «И.А.Ш.» кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Такталгандай кармалган адам 2015-жылы КМШ өлкөлөрүнүн бирине эмгектенүүгө кетип, ЭТУ эмиссарларынын көзөмөлүнө түшүп, Сирия Республикасынын өкмөтүнө каршы «джихадга» катышуу максатында Туркияга жана андан нары Сирияга кеткен. Согуштук даярдыктан өткөндөн кийин «И.А.Ш.» жалданмачылык катары куралдуу жаңжалдарга активдүү катышкан.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс боюнча) 375-беренеси (Жалданмачылык) боюнча кылмыш иши козголуп издөөгө берилген.

Азыркы убакта кармалган адам КРУКМК Убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Комплекстүү ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

fakt.kg

Окшош материалдар:  Тажикстандын УКМКсы Кыргыз тарапты күнөөлөдү

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful