Депутат: «Гомосексулдар аянтка чыкканда уялбаган, парламентте талкуулоодон уялып жатасыңарбы?»

18

8-мартта Бишкекте аялдардын укуктарын коргогон ар жылкы аялдар жүрүшү өткөн. Акциянын айрым катышуучулары ЛГБТны колдогон жазууларды көтөрүп алганы элдин көбүнүн нааразылыгын жараткан.

Бүгүн, 13-мартта  Жогорку Кеңештин депутаттары өткөн акция боюнча ИИИдин жана мэриянын маалыматын угууда.

Талкуу башталганда депутат Дастан Бекешев гейлерди Жогорку Кеңеште талкуулоо уят экендигин белгилеп, күн тартибинен алып салууну сунуштады. Бекешевдин сунушун депутат Исхак Пирматов дагы колдоду.

Депутат Тазабек Икрамов каршы чыкты.

“ Бул сунуш талкууга коюлган. Бул маселени ким аркылуу артка чакырып жатасыңар, кимди колдоп жатасыңар билбейм. Эч кандай алып салууга болбойт. Суроолорубузду берип алалы. Гомосексулдар аянтка чыкканда уялбаган, парламентте талкуулодон уялып жатасыңарбы? ”, -деп ачууланды депутат Тазабек Икрамов.