Депутат: «Гейлерди талкуулоо Жогорку Кеңештин деңгээли эмес»

13

Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйында депутат Дастан Бекешев 8-мартта өткөн акцияны Жогорку Кеңеште талкуулоону уят деп билдирди.

Биз муну талкууласак уят эле го. Өзгөчө кырдаал эмес да. Эл аралык деңгээлде уят болобуз. Жөн гана коомду чакырыш керек, «​андай кылбагыла, бул жаман нерсе » деп. Ушул теманы талкуулап биз өзүбүз ЛГБТны пропаганда кылып жатпайбызбы. Албетте, жөө жүрүштө терс көрүнүштөр бар. Бирок, УКМК, ИИМ же мэр гейлер акцияга чыккандыгына күнөөлүү эмес. Биздин бүгүнкү стенограмманы  жаштар бизди басынтып жатышат деп  Европага барып көргөзсө, алар баш паанек беришет. Биз, депутаттар уят болуп калабыз. Гейлерди талкуулоо Жогорку Кеңештин деңгээли эмес”,- деди депутат.

Мындан сырткары, Дастан Бекешев  “Биз азыр талкуулап, пропаганда кылсак, кээ бирлер муну колдонуп  гранттарды алышат”,- деп кошумчалады.