Студенттен 230 миң сом алган мугалим кармалды (Видео)

11

Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринин мугалими пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүйдүн  33 жаштагы  Ж.А. аттуу тургуну  (аял киши) пара талап кылуу жана алдамчылык иш-аракеттери фактысы боюнча арыз менен милицияга кайрылып,  экзамендик сессияны тапшыруу үчүн акча каражатын талап кылып жаткан шаардык окуу жайдын кызматкерине (аял киши) карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган.

Аталган маалыматты текшерүүнүн жүрүшүндө жогорку окуу жайдын кызматкери 2018-2019-жылдары үчүн сессияны тапшырууга 33000 сом акча каражатын талап кылгандыгы маалым болгон.

Арыз жазган жаран ЖОЖго келишимдик негизде окууга тапшырууну чечет. Документ тапшырып жатып шектүү менен таанышып калат, ал окууга 200 доллар менен өткөрөм деп убадалайт. Акчаны алгандан кийин күз айларында студент тандаган университетте бош орун жок деп, башка окуу жайдын ошол эле факультетине киргизгенин билдирет.

Мугалим сессияларды бүтүрүү үчүн жалпысынан студенттен 230 миң сом алып коет. Бирок студент быйылкы жылдын февралында гана эч жакта окубай турганын билет. Ал 2014-жылы колледжге өтүп, ошол эле жылы окуудан айдалган болуп чыгат.

2019-жылдын 6-март күнү ИИМдин КМКнын УККБнын ыкчам кызматкерлери  менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматынын тергөөчүлөрү тарабынан ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда жумуш ордунда 33 000 сом өлчөмүндө  акча каражатын алып жаткан жериненшаардык ЖОЖдун биринин кызматкери катары эесптелинген мамлекеттик кызматкеркармалды.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Fakt.kg