157 каза болгон учакка эки мүнөт кечиккен киши аман калды

13

Грециянын жараны Антониос Мавропулос учакка 2 мүнөт кечигип аман калды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Анын айтымында, ал жүгүн тапшырганга үлгүрбөй калгандыктан, учакка киргизбей коюшкан.

“Мен жүргүнчүлөр учакка чыгып бара жатканын көрдүм. Мени учакка киргизбей койгондуктан, аябай жиндендим”,- деп билдирген Антониос Мавропулос.

Эфиопияда Ethiopian Airlines авикомпаниясынын  “Boeing 737” учагы кулап түшкөн. Жыйынтыгында 149 жүргүнчү жана 8 экипаж мүчөсү  каза болгон. Эч ким аман калган эмес.

Учак Кениянын борбору Найробиге учуп бараткан. Boeing 737 MAX 8 – Эфиопия борбору Аддис-Абебадан көтөрүлгөндөн 6 мүнөттөн кийин радардан жоголгон. Кулаганга чейин учак жерден 2,5 чакырым көтөрүлгөнгө жетишип, 700 километр саат ылдамдыкта бара жаткан.

Fakt.kg