Templates by BIGtheme NET

Москвада өткөн Көк бөрү оюнун тергөө комитети текшерет

Социалдык  тармактарда Россиянын жарандары “Москва ипподромуна уят” петициясына кол кое башташкан. Петицияны чыгаргандардын авторлору Москванын ат майданында өткөн көк бөрү оюнунун уюштуруучуларын “жаныбарларга мыкаачылык менен мамиле кылгандыгы” үчүн жазага тартылуусун талап кылышкан.

Учурда бул оюнга каршы интернет колдонуучулардын саны 5745- жеткен ”24-февраль күнү Москвада өткөн кыргыздын улуттук оюну боюнча Россиянын тергөө комитети аталган статья боюнча иликтөө баштаганы тууралуу Кыргыз тарап эч кандай маалымат бере элек. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин өкүлүнүн айтымында Орусиянын тергөө комитетинин иликтөөлөрү алардын өзүнүн иши, бул оюнду Орусиядагы мигранттар уюштурган ошолордон сурагыла деп жооп берген. Кыргызстандагы Көк бөрү федерациясынын президенти болуп УКМКнын башчысы Идирис Кадыркуловдун бир тууган иниси Искендер Кадыркулов жаңы шайланган. Эл арасында Орусия ММКлары жарыялаган бул маалымат чыккандан бери “Мына шайлоонун шайтан оюндарын баштап, өзүнө чет жерде жүргөндөрдөн “электорат” топтойбуз дегендердин кылганы, ким болсо дагы, эми улуттук баалуулукту жок кылуу коркунучна кабылткандар жооп беришсин ” деген сөздөр айтыла баштады.

fakt.kg

Окшош материалдар:  Президент чек арадагы жаңжалга байлыныштуу аткаминерлерди сынга алды

One comment

  1. Маматкул Сапарбаев

    “Тай-казан” деген тушунук кийин эле пайда болгон. Ага чейин “кок бору” (“улак”) атайын айлана болуп чийилген чекке (баттага) алып келип ташталчу эле. Эми тай-казандын ойноп жаткан балдардын ден-соолугуна да, аттардын да жабырканышына жол ачылып жатканы элге маалим болуп калды. Федерация туура мамиле кылып, илгерки баттаны эле колдонушса болмок.

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful