Кыргызстандык жигитти шылдыңдап, кайра таң калган орус ишкери (Видео)

139

Россиянын Красноярск шаарынын тургуну Олеся Ушакова кыргызстандык жигитти шылдыңдоо максатында англис тилинде сүйлөп, жигиттен жооп алгандан кийин таң калды. Бул тууралуу  TBK маалымат сайты жазып чыкты.

Олеся Ушакова өзү таң калган окуяны социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан.

Ал №85-автобуска түшүп, кыргыз кондукторду шылдыңдайым деп, ага англис тилинде сүйлөп баштаган.

“Мен кондукторду тамашалоо максатында англис тилинде сүйлөп баштадым. Ал мага «Кечиресиз, орусча эле билем» деп айтат деп күткөм», – деп  баштаган окуянын башын ишкер айым.

Бирок, автордун айтымында, кондуктор ага жакшы англис тилинде жооп берип, маекти андан ары улантып, акырында өзү жөнүндө айтып берген. .

«Мага жигит англис тилинде абдан жакшы деңгээлде жооп бергенде таң калдым. Биз аялдамага чейин сүйлөшүп бардык. Ал дагы англис тилинде пикир алмашканына сүйүнүп калды», – деп жазган Олеся Ушакова.

Орус кызды англис тилинде сүйлөп таң калтырган кондуктор Жалал-Абаддын тургуну экендиги аныкталган.

fakt.kg

Бөлүшүңүз