Руслан Кыдырмышев: “Эр таймаш аркылуу жаштар чоң спортко кадам ташташат” (Фото)

52

Акыркы мезгилдерде Кыргызстандын мушкерлери көптөгөн ийгиликтерге жетип жатканы белгилүү. Эр таймаш-Кулатуу федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышевдин айтымында эр уруштун бул түрүнөн Кыргызстан дүйнө боюнча 36-орунга чыгып боордош казак туугандар 140-сапта калган. Азыр Кыргызстандын аймактарында, коңшу өлкөлөрдө, орусияда эр таймаш боюнча тандоо турнирлери өтүп аяктап жатат.

Бул өтүп жаткан турнирлердин өзгөчөлүгү спорттун ушул түрү менен алектенген эр таймаш кулатууну сүйүүчүлөрдүн ичинен татыктуу жеңүүчүлөрүн профессионалдык этапка өткөрүү.

Федерациянын президенти Руслан Кыдырмышевдин билдиргенине караганда 3- март күнү “Би Стронг” клубунун аренасында өткөн турнирлердин жеңүүчүлөрүнүн беттеши болот. Бул беттеште жеңип чыкканынын да жеңилгенин да тизмеси Американын дүйнөлүк эр таймаш федерациясына жиберилип, 3 мартта утулганы да утканы да профессионал деңгээлдеги спортчу, мушкер наамын алат. Кыргызстанда Эр таймаш кулатуу федерациясы өткөргөн турнирдин берген баасын жана чемпиондугун дүйнөнүн баардык өлкөлөрүндө толук кандуу таанышат.

  

Эр Таймаш кулатуу берген жолдомо аркылуу жаш мушкерлер дүйнөнүн алдыңкы спортчулары менен ат салышууга мүмкүнчүлүк алышат. Негизгиси бул таймаш аркылуу жаңы калыптанып келе жаткан муун чоң спортко кадам ташташат.

fakt.kg