Жазуучулар союзу мамлекетке 1,5 миллион сом карыз

124

Жазуучулардын  чогулушу, сьезди коридордо өтөт. Бул тууралуу Fakt.kgге жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков билдирди.

Журналисттин жазуучулар союзун өнүктүрүү боюнча пландары тууралуу Нурлан Калыбеков төмөнкүлөрдү айтып берди:

“Пландарды сураганды кое тургула, журналисттердин баарынын суроосу эле ушул. Эмне проблемалар бар экен, эмне жетишкендиктер, эмне кемчиликтер бар экенин сурабай эле пландан баштайсыңар да. Жазуучулар союзунун ушул имаратта болгону үч бөлмөсү бар экенин көрүп турасыңар. Акын жазуучуларыбыздын чогулушу, сьезди коридордо өтөт. Буга кошумча отурган орду үчүн союз 1,5 млн карыз экен. Ошол акчаны каяктан таап берем, имарат маселесин кантип чечем деген ой менен, ошол иш менен алек болуп баш катып жаткан учур. Элдин баары Жазуучулар союзу десе баягы совет мезгилиндей күркүрөп турган союзду элестетишет, азыр анын бири жок, оор абалда . Буюрса алты айдан кийин келсеңер анан башталган иштер, боло турган өзгөчөлүктөр, келечек пландар тууралуу кенен кеп курабыз”

fakt.kg

Бөлүшүңүз