Templates by BIGtheme NET

Кытай жаранына турмушка чыгып, зомбулук көргөн кыз мекенине кайтып келди

Кытай жаранына турмушка чыккан өзбекстандык кыз бир нече жыл кордук көргөндөн кийин өз мекенине кайтып келди. Бул тууралуу Өзбекстандын маалымат булактары жазып чыкты.

Кытай жаранына турмушка чыккан Саида аттуу Наманган облусунун тургуну күйөөсүнөн кордук көрүп жатканын айтып, коомчулуктан өз үйүнө кайтууга жардам сураган.

Кыздын айтымында, күйөөсү аны 7 күн камап койгон.  Саида ошондой эле күйөөсү ага сексуалдык зордук-зомбулук дагы көрсөткөнүн айткан.

Кыздын айтымында, анын  кытай жаранына күйөөгө чыгышына үй-бүлөсүндөгү акча көйгөйү себеп болгон. Саида чет элдик күйөөсүн агенттиктер аркылуу тапкан.

Бул окуя социалдык тармактарда кызуу талкууга түшүп, Кытайдагы өзбек элчилиги кызды мекенине жиберишкен.

fakt.kg

 

Окшош материалдар:  157 каза болгон учакка эки мүнөт кечиккен киши аман калды

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful