Templates by BIGtheme NET

Кыргызстандын жерине салынган мектепке кирүү үчүн Түркиянын элчилигинен уруксат алыш керек

Депутат Ирина Карамушкина түрк мектебинин директору  Амир Айдин жаш балдарга сексуалдык ыдык көргөзгөнүн коомчулукка белгилүү кылган.

FAKT.kg маалыматты окуя болгон жеринде тактоо үчүн жана түрк тараптын оюн билүү үчүн Кыргыз- Түрк Манас универиситетинин аймагында жайгашкан мектепке барган. Мектептин кароолчусу “бул мектеп турган жер түрктөрдүн “территориясы” Түрк элчилигинин уруксаты жок киргизе албайм” деп кирүүсүнө жол берген эмес, анысы аз келгенсип “сиздин киргизбегениңизди тартып алайын”- деп аракет кылганда түртүп кетирүүгө аракет кылган. Ушундан кийин бизде акчасы көп түрктөр мыйзамсыз иштеп жаткан мектептин аймагын эле эмес, баласынын эртеңи эмне боло турганы менен иши болбогон ата энелерди, өтө өкүнүчтүүсү айрым саткын адамдарды, жыйырма жылдап уруксат кагазы жок мектепти көзөмөлдөбөгөн билим берүү министрлигин, анан өз жеринде туруп басып турган жерин түрктүкү деген “түркөй” кароолчусуна чейин сатып алганбы деген ой келди.

Эгер ушул иш ачылбай, анык чындыгына жетпей чырылдаган эне менен, ачыктап элге жеткиргендердин үнү басылып калса, анда “өз киндик каны тамган жеринде туруп өзгөлөрдүн чооруна бийлеген” бийликтин ишине таң калбагыла. Анткени, бул окуянын башталышы эле ушундай болоорунан кабар берип калды, өз үйүнө кире албай кошунадан уруксат сураган “кемчонтой” кебетеленген шартыбыз ушундай болуп турат.

Депутат: “Түрк мектебинин директору окуучу балдарга сексуалдык ыдык көрсөтөт” (Видео)

fakt.kg

Окшош материалдар:  Айыл өкмөт башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful